Google I/O’до баарыбыз күбө болгондой Google экосистемасына ылайыкташтырылган Bard(Бард) деген чатботту сунду. Microsoft’тун ChatGPT’си менен азырынча тең тайлаша албайт, бирок LLM(🇺🇸large language models, 🇰🇬чоң тил моделдери(ЧТМ)) так жооп бериши үчүн ага data(маалымат) жедириш керек. А бул Google’да көп болбой анан кимде көп болмок. Мына ошондуктан, Bard күндөн-күнгө жакшыра турган модель. Кыргыз тили ЧТМ’дерде канчалык рол ойнойт деген суроонун жообу баарыбызга белгилүү. Кыргыз тилинде контент аз жана эч кандай илимий изилдөөлөр жүргүзүлбөгөндүгү үчүн азырынча эч кайсы чатбот кыргыз тилинде маектеше албайт. Ал убагы менен өзү чечилчү нерсе.
For further actions, you may consider blocking this person and/or reporting abuse

Top comments (0)